Содержание
Аргумент.kg — Ошондо Таттыбүбү, «мени бул жерден тезирээк алып кет», — деп ыйлабадыбы
Таттыбүбү 1944-жылы 12-июлда Жумгал районуна караштуу Чаек айылында төрөлгөн. 4 эркектин арасында чоңойгонунан уламбы же жаратылыш тартуулаган мүнөзүбү, айтор өтө шайыр, гүлмүңдөгөн тегерек көз, тармал чачтуу, эркек мүнөз кыз эле. Бир туугандарынын ичинен мага өтө жакын болчу.
Таттыкемдин улуу таланты, сулуулугу жөнүндө сөз кылсак деги эле түгөнгүс. Эң өкүнүчтүүсү аз жашады бирок, саз жашады. Атак-даңкка эрте жетилип, 16 жаш курагында элге таанылган.
— Учурунда Таттыбүбү эжеге бут тосуп, көралбастыктар болгон деп айтышат, чындыгын сизден уксак?
— Сулуулуктун да, таланттын да душманы болот тура. Көралбастыктан, ичи тарлыктан ар кандай сөздөрдү чыгарышып, «жараксыз актриса» деп театрдан чыгаруунун айласын да кылышты. Керек болсо, бирге иштеген актрисалардын ур-токмогуна, адамды ирээнжиткен сөздөрүнө да кабылган. Баарына чыдап, мага сыр билдирбей жүргөнүн кийин билип жүрөм. Театрда Бакен эже ар дайым Таттыкемдин таламын талашып, аткарган ролунан, кийген кийимине чейин жеке жашоосуна да аралашып, акыл насаатын айтып, тегерегиндеги ичи тар адамдардан аябай коргочу. Качан барбайын үйүндө Б.Шалтаев, Ж.Сейдакматова, С.Далбаев, М.Далбаевалар болор эле, кесиптештери менен көңүл ачып отурган тура деп ойлоор элем. Бирок, булардын максаты Таттыкемди башка жолго салуунун бир амалы болуп калгандай. Учурунда Таттыкенин ичинде кымындай эле арамдыгы болгондо өлбөйт эле, кыргыздын намысыма жаралганы менен, өзүнүн сулуулугу өз шоруна айланды. Далайлар моралдык жактан да абдан кемсинтишип, жан дүйнөсүн жабыркатып, керек болсо зор талантын, улуу тагдырын талкалашкан.
Эмне үчүн «Уркуяны» Уркуя кылып аткарган актриса унутта калат да, аны тарткан режиссер, операторлор Токтогул сыйлыгына ээ болушат?
«Ак Мөөр» тасмасы тартылгандан кийин Ленин комсомолу сыйлыгы берилет деп туруп, бул да берилбей калды. «Манастын уулу Семетейде» Каныкейдин ролун ойногонго даярдап жатышып, бул ролду да берген жок.
— Кечиресиз, актрисанын жолдошу Имаш Эшимбеков кандай адам эле?
— Имаш мыкты актер эле. Ал эми жеке турмушунда кызыл камчы эле, жер жамандап барбасын. Таттыкемди уруп-согуп, бетин көгала кылып койгон учурлары болгон. Мына ушундан улам 10 жыл бою жумуштан кийин үйүнө жеткирип жүрдүм. Акыры ажыраштырууга туура келди.
— Актрисанын сырдуу өлүмү жөнүндө эл арасында али күнгө чейин ар кандай сөздөр айтылып жүрөт, сиз эмне демекчисиз?
— Бул заказное убийство. Апамдын көзү өткөндөн кийин, Таттыкем апамды жоктоп, аябай чүнчүп кетти. Бала үчүн эне табылгыс байлык тура. Ошондон улам, эс алсын деп курортологияга жаткыргам. Ошол кездеги профсоюздар уюмунун төрайымы Ж.Сейдакматова эле. Мени командировкага жиберишип, Таттыкемди психооруканага которуп жиберишет. Мен командировакадан келип эле курортологияга келсем, Таттыкем палатасында жок болуп чыкты. Сураштырып жатып психооруканага түшкөнүн билдим. Ооруканага келсем, «карантин»-деп мени киргизбей койду. Терезе аркылуу сүйлөштүк. Ошондо Таттыкем «мени бул жерден тезирээк чыгарып кет»,-деп ыйлады. Кандай болуп келгенин сурасам, түн ичинде зордоп, машинага салып келгенин айтты. Ооруканадан чыгып жумушка кайрылып, жүрөгүм бир нерсени сезгендей шашыла үйгө келсем, үйдүн ичи толо артисттер. «Таттыбүбүдөн ажырадык»-деп эле ызы-чуу түшүп калышты. Кантип ажырадык? 1 саат мурда эле көрбөдүм беле…? Мына, бул жерде да чоң сыр бар!?
«Карантин»-деп мени киргизбей койгондон кийин Таттыкемдин курдаштары барат, жакшынакай эле сүйлөшүшүп, палатасында бир топко отурушат. «Сиздер чыгыңыздар, биз кан куябыз»-деп чыгарып жиберишет. Медайым колуна капельница коюп палатадан чыгып кетип, ошол бойдон келбей коет. Капельницадагы дары суюктук куюлуп бүтүп, вена аркылуу аба кирип мээсине жетет. Таттыкемдин жаны кыйналып, чабалактап жатканда палатадагы оорулуу аял ойгонуп, врачка чуркап кеткен учурда Таттыкем үзүлүп жатпайбы.
— Бул иштин ак-карасын териштирдиңизби?
— Жок, өлгөндө жайын жана башкаларын даярдап жүрүп убакыт болгон жок, анын үстүнө капельница койгон медайымды өлтүрүп кетишкен. Себеби, эртеби-кечпи бул айтып коет деп ойлошкон. Мына ушинтип, Таттыкемди 37 жаш курагында түбөлүк жайга узаттык. Бирок, бул «умышленный» өлүм акыры билинет.
— Карындашыңыздын кыргызга бир келген сулуу экенин учурунда сездиңиз беле?
— Мен бир тууганы катары жанында жүрүп, сулуулугун сезбептирмин. Кашайып көргө койоордо сезип жатпайынбы, каралдымды. Көмөөрдө көрүстөндү тегеректеп, митинг жасап, бетин ачып койдук. Ошондо Таттыкемдин жүзүнөн нур даарып, кирпиктери төгүлүп, азыр көзүн ачып ийчүдөй күлмүңдөгөн жүзү менен табытта суналып жатканын көрүп, өлгөнү бир арман болсо, сулуулугу бир арман болуп атпайбы.
— Эженин жайы кайсы көрүстөндөн орун алды?
— Мен сөөгүн тулуп-өскөн кичи мекени Жумгалга алып барайын десем, ошол кездеги министр Нусупова эже чогулуш жасап, «Нуркан, Таттыбүбү сенин карындашың болсо, бүтүндөй кыргыз элинин кызы, сөөгүн Фрунзеге эле коебуз, бүтүндөй милдетин өзүбүз алабыз»-дегенинен макул болгом. Бирок, эки метр жерди да Таттыкемдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнөн эмес, тээтиги Орок деген айылдын четиндеги көрүстөндөн орун алды. Тирүүсүндө барктай албасак, өлгөндө даңктап койсок болот эле да. Союз тарады, министрликтер алмашты, ошону менен Таттыкемдин эстелигин ойлогон киши болбоду. Таттыкем жөнүндө эч ким, эч нерсе билбейт, эч нерсе айтыла элек. Улуу таланттын легендага айланып кеткен тагдыры болуп, кылымдан-кылымга кала берет, аттиңдики…
— Кызы Аселден эженин сулуулугундай сулуулукту көрө алдыңызбы?
— Асель апасындай сулуу болбосо да, жүзүнөн Таттыкемдин көп жактарын көрөм. Д.Садырбаевдин «Махабат дастаны» киносунда тартылды, ошондо ачылыш аземине мени да чакырышты, мен фильминин аягына чейин чыдап отуралбай, ыйлаган бойдон чыгып кеттим. Таттыкем 16 жаш курагында элге таанылган, Асель да 16 жаш курагында киного тартылды. Аселдин да өзүнчө ажайып сулуулугу бар, театрда жүрсө Таттыбүбүнүн кызы дедиртип элимдин эсинде үлгү катары жүрбөйт беле!
— Жакында эженин 65 жылдыгын өткөрөм деп жүрүпсүз, даярдыктарыңыз кандай?
— Буйруса, эстелигин тургузсак, андан кийин ачылыш аземин өткөрөбүз. Көптөгөн конкурстарды, кино фестивалдарды уюштурабыз. Таттыбүбү атындагы коомдук фонд бар сиздер, «Назар» гезити менен, бирге иштешип көп нерселерди жасаганы турабыз. Буйруса баарына күбө болосуздар.
Булак: kmb3.hostenko.com
Кыргызстан: үй-бүлөдөгү зомбулукту токтото албаган мыйзам
- Наргиза Рыскулова
- Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстандагы үй-бүлө зомбулугуна каршы кабыл алынган мыйзам — постсоветтик мейкиндиктеги прогрессивдүү мыйзамдардын бири. Иш жүзүндө мыйзам иштебей, зөөкүрлөр жазадан кутулуп кеткен учурлар көп.
21 жаштагы Аман карантинге байланыштуу эжеси менен сейрек көрүшүп калган эле. Акыркы айларда аны менен жездесинин телефону аркылуу гана ал-акыбал сурашканга мүмкүн болуп калды. Бир апта мурун коңгуроо кылса, телефонду Элина өзү алган.
«Телефондон анын ыйлаганы байкалып турду. «Аман, мага жардам кыл, алып кет мени! Ал мени дайыма сабайт!» деп айтып, телефон үзүлүп калды. Мен анын коркунучта экенин дароо түшүндүм дагы алардын дарегине милиция чакырдым»,- дейт Аман.
Өзү Элинанын үйүнө оңойлук менен жете алмак эмес. Түнкү саат ондо коңгуроо кылган экен. Ал маалда Бишкекте Covid-19 эпидемиясына байланыштуу коменданттык саат киргизилген болчу. Аманды туугандарынын бири жеткирип барууга макул болот. Бирок милициянын тосотторунан өтүү дагы өзүнчө түйшүк болду. Алар апасы экөө араң дегенде Элинанын үйүнө келишти.
«Биз барганда милиция муну үйдөгү казан-аяк кагышуусу катары карап эле, кайра кетүүгө камданып жатышкан экен»,- дейт Аман.
Аман апасы экөөлөп жатып милицияга арыз тапшырып, үч күнгө убактылуу коргоо ордерин жазып берүүнү түшүндүрүшкөн. Мындай чара үч жыл мурун кабыл алынган. Мурда жабыр тарткан адамды укук коргоо органдары өзүнүн арызынын негизинде гана «убактылуу коргоого» алууга укуктуу эле. Мыйзамдык өзгөртүүлөр киргенден кийин зомбулук тууралуу айткан күбө же медицина кызматкеринин арызынын негизинде дагы коргоого алуу каралды.
Мындай мыйзам иштеп жатканы менен маселе чечилип калган жок. Укук коргоочулардын айтымында, көпчүлүк аялдар мурдагыдай эле милицияга кайрылбайт жана алардан жардам алууга мүмкүн экенин түшүнө бербейт.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, үй-бүлө зомбулугуна кабылгандардын көбү аялдар. 2018-жылы катталган үй-бүлө зомбулугунун 95% эркектер тарабынан жасалган. Көбүнчө аялына кол көтөргөндөр. Үй-бүлө зомбулугунан өлгөндөр тууралуу Ички иштер министрлигинин атайын статистикасы жок. Бирок «Аялдардын демократиялык түйүнү» фондунун эсебинде, 2018-жылы эле 62 аял үй-бүлөдөгү зомбулуктан ажал тапкан.
Коронавирус кырдаалды андан бетер күчөттү. Карантинден улам көпчүлүк аялдар агрессивдүү жакындары менен үйдө чогуу камалып калды. Зомбулукка кабылганын айтып кайрылгандар саны Бишкектин өзүндө эле өткөн жылга салыштырганда 62 пайызга көп болду, деди ИИМ. Кризистик борборлор карантин шартында телефон аркылуу гана кеңеш бере алат. Атайын уруксат кагазы болбогондон кийин алар жардамга жетип бара албайт.
«Карантин жана өзгөчө абал өлкөдөгү үй-бүлө институтунун «жарасын» ырбатты»,- деп белгилейт мыйзам авторлорунун бири Наталья Никитенко.
Элинанын окуясы башкалардыкына окшош. Ага жолдошу үйлөнгөндөн бир нече ай өткөндөн кийин эле кол көтөрө баштаган. Төрт жыл бирге жашап жүрүп, бирок ата-энесине бир да жолу даттанган эмес экен. Азыр бул окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат. Күйөөсү бул «жубайлар ортосундагы боло келген келишпестик, болгону бир нече жолу түртүп гана жибергемин» деп актанууда.
Элинага оңдой берди болду. Анткени жакындары ага болушуп, дароо үйүнө алып кетишти. Амандын «Фейсбуктагы» билдирүүсүнө миңдеген киши пикирин жазып, укук коргоочулар, адвокаттар жардам сунуштаган. Бирок баарынын окуясы эле мындай боло бербейт.
Прогрессивдүү мыйзам
Насибанын (ысымы өзгөртүлдү) турмуш курганына 17 жыл болду. Күйөөсү ичип келип кол көтөргөнүнө 14 жылга аяк баскан. Үч ай мурун ага болушкан тун кызына күйөөсү бычак көтөрүп чуркагандан кийин милицияга арыз менен кайрылды. Үй-бүлөнүн беш баласы бар.
Насиба алды менен тааныш адвокаты, аялдар укугун коргоо жаатында иш алып барган Мухайехон Абдурауповага кайрылган. Ал болсо милицияга арыз жазууга көндүргөн.
«Насиба мага түн ортосунда бир жаштагы баласын көтөрүп алып, ыйлап келди. Биз милицияга арыз жазуу үчүн бардык. Бирок алар биздин арызды кабыл алуудан баш тартып, каттоосу башка жерде экенин, ошол бөлүмгө кайрылууну айтышты. Элестеткиле, жабырлануучу калтырап-титиреп милициядан жардам сурап келсе, алар арызын кабыл албай койсо, экинчи жолу келеби?»,- дейт Абдураупова.
- Ата-эненин уруш-талашы баланын ден-соолугун бузат
- Изоляция көп үй-бүлөнүн казан-аягын кагыштырдыбы? Психологдон кеңеш
- Зомбулукка кабылган аял жардам сурагандан тартынбаш керек
- Каза тапкан келиндин агасы: Карындашымды жиликтеп салгандан башкасын бүт жасаптыр
«Ошол эле маалда Кыргызстандын үй-бүлө зомбулугуна каршы мыйзамы Борбордук Азиядагы эң прогрессивдүү мыйзам саналат», -дейт Human Rights Watch уюмунун өкүлү Хилари Марголиц.
Бирок анын кагазда гана жашап жатканы өкүнүчтүү, деди ал. Кыргызстандын мыйзамында коргоо ордеринен сырткары социалдык колдоо көрсөтүү жагы да каралган. Мыйзам толук иштеп кетиштен мурун үй-бүлө зомбулугуна карата коомдук мамилени өзгөртүү зарыл. Бул үчүн саясий эрк гана жетишсиз, ага казынадан акча дагы керек.
Эл аралык уюмдардын эсебинде, мыйзамды ишке ашырууга 25 млн сом (300 миң доллар) керек. Жыл сайын бул каражат үй-бүлө зомбулугуна кабылгандарга жардам көрсөткөн кризистик борборлорго жумшалат жана зомбулук көрсөткөндөр үчүн коррекциялык программаларды иштеп чыгууга сарпталмакчы.
Бирок 2018-жылы буга 50 миң доллар гана салышкан. Гендердик зомбулуктун алдын алуу үчүн үч жылга башка чыгымдар каралган эмес. Азыраак гана каражат кризистик борборлорго бөлүнгөн. Өлкө боюнча 16 кризистик борбор иштеп, болгону алардын бешөөндө гана баш калкалоочу жай бар. Аларда дагы көп учурда орун жетишпей калат.
Ушундай шартта мыйзамдык жол-жоболору так көрсөтүлүп турса дагы аялдар зомбулуктан корголгон эмес. Анткени система анын муктаждыгына жараша куралган эмес, дейт Марголиц.
Кандай болгондо дагы үй-бүлө бүтүндүгү
Насиба буга чейин дагы күйөөсүнүн үстүнөн арызданган. 14 жыл мурун экинчи кызын жарык дүйнөгө алып келгенде, күйөөсү уул төрөбөдүң деп сабаган экен. Эки кызын алып, төркүнүнө кетип калган. Эжеси аны милицияга арыз жаздырат. Ал кезде милиция анын арызын алууга көп деле кызыкдар болгон эмес. Эмнеге балдарынын атасынын үстүнөн даттанып жатат деп жактырышпай, андан көрө жарашып алгыла, милициянын убактысын жөн эле ала бербегиле деп айтышкан. Насиба талап кылып туруп алганда, анан күйөөсүн 15 сутка камашат.
«Көпчүлүк милиционерлер азыр деле үй-бүлөдөгү зомбулук милициянын иши эмес, үй-бүлөнүн чегиндеги маселе деп түшүнөт. Мындай мамиле дагы үй-бүлө зомбулугуна кабылгандар үчүн дагы бир тоскоолдук. Мыйзам иштеши үчүн милиционер, прокурор жана судьяларды бардык деңгээлде окутуу керек»,- деп белгиледи Human Rights Watch өкүлү Хилари Марголиц.
Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугуна баргандарды жазага тартууга жол берген мыйзам 17 жылдан бери иштейт. Мурда милиция мындай арыздарды алгысы келчү эмес. Анткени арыз жазган адам кайра кайтарып алган учурлар оголе көп болгон.
Жаңы мыйзам үй-бүлө зомбулугу боюнча келген арыздардын баарын кылмыштардын реестрине каттоого алууга милдеттендирет.
Бул мыйзам иштей баштагандан тарта үй-бүлө зомбулугуна байланышкан кылмыштар кескин секирик жасады. 2019-жылы 2015-жылга караганда төрт эсеге көп катталды.
Мыйзамдын дагы бир кемчилиги — жабыр тарткан адам денесине келтирилген зыяндарды атайын экспертизанын тыянактары менен ырасташы керек.
Психологиялык же физикалык зомбулукка кабылган аялдар өз маалында кайрылып, аныктама алганга кудурети жеткен учурлар болот, дейт Марголиц.
Сүрөттүн булагы, Би-си-си
Адвокат Мухайехон Абдураупова болсо Насибанын дароо экспертизадан аныктама алууга көмөк көрсөткөн. Насиба Ош шаарындагы консервативдүү көз караштар үстөмдүк кылган чөйрөдөн. Ошондуктан ажырашып кеткендерге бул жерде мамиле башкача. Ал эмес ажырашкан келин өзүнүн бир тууган эже-сиңдилеринин, жакын туугандарынын бой жеткен кыздарынын турмушка чыгуусуна тоскоол болот. Түшүнүктөр ушундай, дейт Мухайехон.
Human Rights Watch изилдөөчүлөрүнүн жабырлануучулар арасындагы сурамжылоосу мыйзамдуу коргоочу же адвокаты бар аялдар гана күйөөсүнө каршы кылмыш ишин аягына чыгара аларын көрсөттү.
Калгандары социалдык басымга туруштук бере албай, арызын артка кайтарып алат. ИИМ маалыматына караганда, 86% арыз сотко чейин эле жабылат. Сотко барганда дагы айып пул менен иш бүтөт.
Үй-бүлөнү сактап калыш керек деген түшүнүк үстөмдүк кылып, Насиба дагы биринчи жолу арыз менен кайрылганда ажырашууга барган эмес.
Күйөөсү ата-энесинин үйүнө кайра-кайра келип, коркутуп-үркүтүп жүрүп жарашып алган. Азыр Насиба ошондогу кадамына өтө чоң өкүнүчтө экенин айтып берди.
Эгерде, зомбулукка кабалыган аялды төркүндөрү кабыл албай койсо, абал өтө чатак. Балдары менен көчөдө калуу кокрунучу бар. Убактылуу коргоо ордери зомбулук тууралуу факты каттоого алынар замат автоматтык түрдө жазылышы керек. Кийин анын шарттары кандай аткарылып жатканын аймактык милиция көзөмөлүнө алат. Жабырлануучу үч күндөн кийин ордерин бир айга узартып алууга укуктуу. ИИМ маалыматына таянсак, 2018-жылы 7178 коргоо ордери берилип, алардын 64 гана узартылган.
Коргоо ордери берилген учурда күйөөсүн үйдөн чыгарып жиберген учурлар жок. Аял киши баш калкасын өзү издөөгө туура келет. Ошондуктан көп учурда милиция ал аялдын күйөөсүн катуу эскертүү менен тим болот.
Коронавирус пандемиясы маалында үй-бүлө зомбулугунун күчөп кетиши депутаттарды мыйзамга дагы өзгөртүү киргизүүгө мажбур кылды. Ага ылайык, зомбулук көрсөткөн адам мас абалында болсо же укук коргоо органдары жабырлануучуга коркунуч туулган деп тапса, 48 саат камакка алууга укуктуу. Мурда «өтө зарыл учурда» гана камакка алууга болот деп жазылып, бирок ал кандай учур экени так көрсөтүлгөн эмес. «Убактылуу коргоо» ордери берилгенден кийин дагы катуу сабап салган учурлар катталган.
«Убактылуу коргоо» ордери физикалык зомбулукту токтоткону менен психологиялык басымды жеңүү кыйын. Насибанын ата-энеси Түркияда болуп, Ошто туугандары болбогондуктан, милицияга арыз жазгандан кийин кайра жолдошуна кайтып келген.
«Күйөөмө убактылуу коргоо ордерин бергенден кийин бизге кол көтөрө албай калды. Бирок сөгүнүп, мазактайт, -дейт Насиба. — Эми анын ата-энеси дагы телефон чалып, ажырашсаң эч нерсеге ээлик кылбайсың деп айтышты. Беш балам менен кайда бармак элем?».
Ушундан эки айдан кийин Насиба арызын кайтарып алды. Бирок күйөөсү менен келишип туруп кайтарып алган. Жолдошу аны Орусиядагы эжесиникине балдары менен кетүүгө уруксат берген. Азыр ал балдарынын билим алышына шарт түзүү үчүн иштеп, каражат табуу ниетинде турат.
«Кишилердин аң-сезимин өзгөртүү оңой эмес, бирок өзгөртүүгө мүмкүн. Кыргызстанда жарандык коомдун өтө күчтүү экени кубандырат»,- дейт Хилари Марголиц.
Эки жыл мурун кабыл алынган мыйзамда айып пулдун көлөмү он эсе көбөйгөн эле. Азыр 400дөн 900 долларга чейин. Бирок Human Rights Watch изилдөөсү боюнча көп учурда зомбулук көрсөткөн киши жумушсуз болгондуктан, айып пулду кайра эле жабырлануучулар төлөп калган мисалдар дагы арбын. (AbA)
*
Транспозиция | MuseScore
Обновлено 1 год назад
Транспозиция — это действие по повышению или понижению высоты выбранных нот на один и тот же интервал. Вы можете транспонировать ноты вручную или с помощью диалогового окна «Транспонирование».
Транспонирование вручную
- Выберите ноты, которые вы хотите транспонировать;
- Используйте любой из следующих вариантов:
- Для хроматического транспонирования (т.е. по одному полутону за раз): Нажмите ↑ или ↓ .
Повторяйте по мере необходимости.
- Для диатонического транспонирования (т. е. по одной шкале за раз): Нажмите Alt + Shift + ↑ или ↓ . Повторяйте по мере необходимости.
- для транспонирования с помощью Octave : нажмите Ctrl + ↑ или ↓ (MAC: CMD + ↑ .0020 или ↓ ).
- Для хроматического транспонирования (т.е. по одному полутону за раз): Нажмите ↑ или ↓ .
Автоматическое транспонирование
Диалоговое окно MuseScore Transpose предоставляет больше возможностей для транспонирования нот.
Примечание : По умолчанию это диалоговое окно открывается из меню Инструменты , но вы также можете открыть его с помощью сочетания клавиш (см. Настройки).
Хроматическое транспонирование
В тональность
Чтобы транспонировать ноты вверх или вниз в нужную тональность:
- Выберите ноты, которые вы хотите транспонировать; отсутствие выбора равно «выбрать все».
- В строке меню выберите Инструменты → Транспонировать… .
- Отметьте «Хроматически транспонировать» и «В ключ».
- Отметьте/снимите отметку «Транспонировать ключевую подпись» и «Транспонировать символы аккордов», если требуется
- Отметьте один из «Ближайший», «Вверх» или «Вниз» и выберите подпись ключа назначения в раскрывающемся меню.
- Нажмите OK.
По интервалу
Чтобы транспонировать выбранные ноты вверх или вниз с шагом в полтона:
- Выберите ноты, которые вы хотите транспонировать; отсутствие выбора равно «выбрать все».
- В строке меню выберите Инструменты → Транспонировать… .
- Отметьте «Хроматически транспонировать» и «По интервалу».
- Отметьте/снимите галочки «Транспонировать ключевую подпись» и «Транспонировать символы аккордов», если требуется.
- Галочка «Вверх» или «Вниз»; и выберите интервал транспонирования в раскрывающемся меню.
- Нажмите OK.
Диатоническое транспонирование
Чтобы транспонировать выбранные ноты вверх или вниз на диатонический интервал:
- Выберите ноты, которые вы хотите транспонировать; отсутствие выбора равно «выбрать все».
- В строке меню выберите Инструменты → Транспонировать… .
- Установите флажок "Транспонировать диатонически".
- Установите/снимите флажки «Сохранить изменение степени» и «Транспонировать символы аккордов», если требуется.
- Нажмите «Вверх» или «Вниз»; и выберите интервал транспонирования в раскрывающемся меню.
- Нажмите OK.
Параметры
В области параметров доступны два параметра для хроматического и диатонического режима транспонирования:
- Транспонировать символы аккордов , если требуется.
- И выбор из Использовать двойные ♯ и ♭ или Одинарные ♯ и ♭ Только
Инструменты для транспонирования
Инструменты для транспонирования , такие как труба си-бемоль или альт-саксофон ми-бемоль, звучат ниже или выше, чем их высота звучания. MuseScore имеет ряд функций, облегчающих оценку этих инструментов.
Концертная высота звука
В режиме просмотра MuseScore по умолчанию нотная запись отображается в виде письменной высоты , но вместо этого вы можете выбрать отображение партитуры в концертной высоте. В последнем режиме музыкальная нотация всех инструментов соответствует реальной высоте тона, которую вы слышите при воспроизведении.
- Чтобы изменить вид на концертную высоту : Нажмите кнопку Concert Pitch , чтобы выделить ее.
Прежде чем печатать основную партитуру или любые партии, убедитесь, что кнопка «Концертная высота тона» выключена.
Изменить транспонирование нотоносца
Транспонирование инструментов уже настроено в MuseScore. Однако, если вам нужен редкий инструмент или транспозиция, которых нет в MuseScore, вам может потребоваться отредактировать транспозицию инструмента вручную.
- Щелкните правой кнопкой мыши пустую часть нотоносца инструмента и выберите Свойства нотоносца/партии… .
- В нижней части окна выберите интервал транспонирования, любые октавные сдвиги, а также тип интервала «Вверх» (звучит выше написанного) или «Вниз» (звучит ниже написанного).
Вы также можете использовать кнопку Change Instrument… в окне свойств нотоносца/партии, чтобы автоматически изменить транспонирование на транспонирование другого стандартного инструмента.
Внешние ссылки
- Как транспонировать (MuseScore How-To)
- Концертная подача или нет? (обсуждение на форуме)
- Как изменить энгармоническую тональность для транспонирования инструментов (MuseScore How-To)
Ключ от баркаса | Время работы + местоположение
Основное содержание начинается здесь, вкладка для начала навигации
Просмотр меню
Слайд 1 из 8
Слайд 2 из 8
Слайд 3 из 8
Слайд 4 из 8
Слайд 5 из 8
Слайд 6 из 8
Слайд 7 из 8
Слайд 8 из 8
Время работы и местоположение
201 Мексиканский залив Доктор,
Лонгбоут-Ки, Флорида 34228
(941) 383-5593
ВС - ЧТ: 16:00 - 21:00
ПТ - СБ: 16:00 - 22:00
Счастливый час: понедельник - пятница 16:30 - 18:30 / суббота и воскресенье 16:00 - 6:00 :30PM
Встреча:
Заказ онлайн
Доставка:
Event CateringGrubhubDoorDashPostmatesUberEats
Longboat Key
Набережная рядом с Сарасотой
Нет лучшего способа отвлечься от повседневной рутины, чем найти приятное место для отдыха в Chart House — одном из лучших Рестораны на набережной Лонгбоут-Ки. Находитесь ли вы в столовой или на террасе с видом на великолепные воды Персидского залива залива Сарасота, ресторан морепродуктов Chart House имеет именно тот вид, который успокоит вашу душу. Потягивайте коктейли и насладитесь специальными предложениями Happy Hour в удобном баре или отведайте романтический ужин из вкусных блюд из морепродуктов с местным колоритом.
Расположенный на великолепном Лонгбоут-Ки, Чарт-Хаус сам по себе является практически местом отдыха. Это тропическое уединение находится к западу от Сарасоты на улице Мексиканского залива, в нескольких минутах езды от красивых мест на открытом воздухе, таких как парк округа Саут-Лидо и парк Бэй-Айленд, а также недалеко от пунктов проката лодок, велосипедных дорожек и многого другого.
Отправляйтесь в какое-нибудь более экзотическое место. Chart House в Лонгбоут-Ки — идеальный ресторан Sarasota.
Когда мы снова откроем наши столовые, мы продолжим практику и примем участие в профилактических мерах для обеспечения безопасности вас и вашей семьи.